Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

Тоо жолдорунда карларды мажбурлап түшүрүү башталды

Аймак
24 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
486
Бүгүн, 24-январда өлкөбүздүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Төө-Ашуунун 132-137- чакырымдарында, Өтмөк ашуусунун 198 чакырымында, Ала-Бел ашуусунун 265-чакырымында, Токтогул районунун Чычкан капчыгайында, Көк-Бел ашуусунун 351-360-чакырымдарында, ошондой эле Чаткал районундагы Чапчыма ашуусунун 65-100-чакырымдарында тоо кыркаларына топтолгон кар массаларын атуу жолу менен мажбурлап көчүрүүнү баштады. Бул жумуштар 30-январга чейин улантылат. Учурда жаап жаткан карга байланыштуу Бишкек-Ош, Ош-Сары-Таш-Иркештам, Ош-Мырзаке-Алайкуу, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Каныш-Кыя автожолдорунда кар көчкү жүрүү коркунучтары сакталууда.
ӨКМдин көзөмөлүндө карларды атып түшүрүүгө Куралдуу күчтөрдүн артиллеристтери катышууда. Жолдорду убактылуу тосуп турууга ИИМ кызматкерлери, кокустуктар болсо жардам көрсөтүүгө Саламаттыкты сактоо министрлигинин тез жардам көрсөтүү бригадалары жана жолдорду тазалоого Транспорт жана жолдор министрлигинин атайын техникалары тартылды.
Кошумчаласак, ӨКМдин маалыматтарына караганда бүгүн Бишкек-Ош жана Торкен-Толук автожолдорунда кар көчкү жүрдү.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.