Курс НБ на 26.11.2020 $84,7990 €101,0465

Таластын «Эне тилеги» өздүк көркөм чыгармачыл тобунун таланттары өнөрлөрүн тартуулашты

Аймак
02 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
674
Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинин жыйын залында  «Талас айымдары»  коомдук уюмунун алдында  апалардан түзүлгөн «Эне тилеги»  өздүк көркөм чыгармачыл тобунун концерти  өткөрүлдү. Ага облустун журтчулугунун өкүлдөрү катышты. Таланттуу апалар элибиздин кан-жанына сиңген  накта элдик ырлардан аткарышып,  концерттин көрүүчүлөрүнүн  көңүлүн  карк кылышты.
     КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым  укуктуу өкүлүнүн орун басары Азият Жаркыналиева,  коомдук турмушка активдүү аралашып келатышкан энелер сөз сүйлөшүп,  эне тилегин, эне жүрөгүн урматтап, таалим-тарбиясын калкка жайылтуунун маанисине токтолуп, «Талас айымдары» коомдук  уюмунун жана  анын алдындагы «Эне тилеги» өздүк көркөм  чыгармачылык тобунун катышуучуларына мындан аркы ийгиликтерди каалашты.
 
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.