Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

Талас облусунун жайыт пайдалануучулар бирикмелерине “Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу” долбоору боюнча техникалык жабдыктар жана эмеректер тапшырылды

Аймак
09 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
711
 Кыргызстанда “Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу” деген эң пайдалуу долбоор 2015-жылдын 27-августунан бери иштеп келе жатат.  АРИС агенттигинин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Бектурсун Момунбековдун айтымында долбоордун негизги максаты - жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин аткаруу органдары болгон Жайыт комитеттерине жана Жеке ветеринарлардын сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрүнүн натыйжасында жайыттарды жана мал чарбасын жамаат тарабынан башкаруусун жакшыртууга багытталган.
         Долбоордун жалпы наркы 17 млн. АКШ долларын түзөт, анын ичинен Бүткүл Дүйнөлүк Банк тарабынан 15 млн. АКШ доллары каржыланса, коомчулуктун салымы 2 млн. АКШ долларын түзөт. Аны ишке ашыруу мөөнөтү 2015-жылдын 27-августунан, 2019-жылдын 31-августуна чейин жүргүзүлөт.  Бүгүнкү күндө долбоордун алкагында Чүй жана Талас облустары боюнча бардык 140 жайыт пайдалануучулар бирикмелеринде социалдык  моблизациялоо иштери жүрүгүзүлүп, жайыттардын инфраструктураларын жакшыртууга багытталаган көйгөлөр аныкталууда.
         Жайыт комитеттеринин материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо максатында долбоордун  бюджетине ылайык ар бир жайыт комитети 2000 АКШ доллары өлчөмүндөгү техникалык жабдыктар жана эмеректер менен камсыздалат. Анын ичинде компьютер, принтер, стол, стул, шкаф, маалымат такталары жана GRS камтылган. Мына ушул аталган жабдыктар бүгүн Талас облусунун 37 жайыт пайдалануучулар бирикмелерине тапшырылууда. Бул жабдыктар биздин жайыт пайдалануучулар комитеттиринин иштерин эффективдүү жана натыйжалуу уюштурууга чоң жардам берет. Жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин жетекчилерине компьютердик техникларды жана эмеректерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев жана АРИСтин Бишкектен келишкен өкүлдөрү тапшырышты.
 
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.