Курс НБ на 18.01.2021 $84,6069 €102,1163

Талас облусунда жыл жыйынтыгы чыгарылды

Аймак
09 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
496
     КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Ага арналган  салтанат Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинин жыйын залында  өткөрүлдү. «Мыкты район» наамына Бакай-Ата району ээ болуп,  облустук өтмө Кызыл Тууну  катары менен экинчи ирет жеңип алды. «Мыкты айыл аймагы» наамына Кара-Буура районунун Бейшеке  айыл аймагы ээ болуп,  20000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.
     Салтанатта  алдыңкыларга  «Мыкты мекеме», «Мыкты жетекчи», «Мыкты кызматкер» номинациялары  боюнча сыйлыктар, облустук өкүлчүлүктүн Ардак грамоталары, Ыраазылык баракчалары  ыйгарылды. Сыйлыктарды КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым куктуу өкүлү Дайыр Кенекеев тапшырды.
 
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу  


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.