Курс НБ на 26.11.2020 $84,7990 €101,0465

Талас облусунда аялуу адамдарга жардам берүүнүн бир айлыгы жүрүүдө

Аймак
06 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
576
3-декабабрь майып адамдардын эл аралык күнүндө  баш кошушкан Расул менен Мээрим үйлөнүү үлпөтүнө керектелүүчү каражаттарын сопкерчилик ишине жумшашып, Талас районунун мүмкүнчүлүгү чектелген 30 баласына кышкы куртка тартуулашты. Жаңычыл демилгеси менен айырмаланышкан эки жаштын иш-чарасына  облус жетекчиси Дайыр Кенекеев катышып,  жаш жубайларга  бактылуу турмуш каалап, облустук өкүлчүлүктүн  «Ыраазылык катын» тапшырды.
      Ушул эле күнү  Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинин жыйын залында  мүмкүнчүлүгү чектелген  балдар үчүн  ыр бий менен коштолгон майрам өткөрүлдү.  Өкмөттүн Талас облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Талас шаардык мэриясы, Талас шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы, Талас облустук профсоюздар кеңеши  мүмкүнчүлүгү чектелген 234 балага, 70 адамга баалуу  белектерди, акчалай жардамдарды беришти.
      Ушундай эле иш чаралар Талас районунун Кум Арык айылындагы көмөкчү жатак мектебинде, Бакай-Ата районунда өткөрүлүп, облустук, райондук жетекчиликтер,  мекемелер, уюмдар, коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан материалдык жардамдар көрсөтүлдү.
      Облустун аймактарында аялуу балдарга материалдык жардамдарды көрсөтүү уланууда.
 Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.