Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

Талас облустук өкүлчүлүгүндө 2017-Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү бонча уюштуруу комитетинин отуруму өттү

Аймак
11 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
688
     10-январда КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Азият Жаркыналиеванын жетекчилиги астында  «2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча  түзүлгөн уюштуруу комитетинин алгачкы отуруму өттү. Анда  мамлекет башчысынын аталган жарлыгын облуста турмушка ашыруу боюнча түзүлгөн иш чаралардын долбоору талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.
      Иш-чараларды түзүүдө   элдик  нускаларды тутунуу менен алдыңкы дүйнөтаанымга умтулган жаранды  өстүрүүдө мамлекеттик  органдардын жана коомдун  күч аракетин координациялоо,  балдардын шык жөндөмүн өстүрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү,  билим берүү, маданият, спорт тармактарынын иш аракетинде сапаттуулукту арттыруу,  адамдардын арасында укуктук маданиятты, өз ара урмат сыйды жана тилектештикти арттыруу маселелерине басым жасалууда.
      Иш-чаралардын планына кошумча сунуштар,пикирлер, толуктоолор  кийинки жуманын дүйшөмбү күнүнө чейин кабыл алына турган болду.
 Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.