Курс НБ на 05.12.2020 $84,8000 €103,1253

Шайлоого шайың кандай шайлоочу?

Аймак
02 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
777
Ошентип саналуу күндөн кийин кезектеги шайлоо жараяны болот. Эл өкүлү болом деп аттангандар абалтадан келе жаткандай эле кат-кат  убадаларды бере башташса, бир кыйла шайлоочулар алардын мүдөөлөрүнө ишенишпейт. Ал ортодо талапкерлер менен катар шайлоочуга да, шайлануучуга да маани бербестен, эки ортодон эптеп капчыктуу болуп калууну каалагандар «убактылуу-салабаттуу» үгүтчүлөргө айланышууда.
 
Бул өнөктүктү Нарын шаарынын мисалынан алып карасак  ушуну менен Нарын шаарынын шайлоочулары жыйырма жетинчи ирээт өздөрүнүн эл өкүлдөрүн шайлашат экен. Бирок жеке талапкерге эмес, бир уюмга ишеним көрсөтүү албетте экинчи курдай өткөрүлүүдө. Белгилүү болгондой азыркы XXVI чакырылыштын депутаттары бирдиктүү партиялык тизме аркылуу мындан төрт жыл илгери шайланышкан. Ага чейинкиси бир, кийинчерээк көп мандаттуу шайлоо аймактарынан жекече күрөштө эл алдына чыгып, ар кандай ыкмаларда депутат болуу вазыйпасына эгедерленишчү. Ошондой болсо дагы шайлоо тарыхын негизинен эки жээктен кароого туура келет.
 
Эсил кайрандан бир эскерүү
 
 СССР доорундагы шайлоолор. Андагы шайлоолор, шайлоо деген аты эле болбосо, заты тумтак караңгылыкта өтчү. Жогору жактан кол шилтенген көрсөтмө, шаардык бийликтин кошумча сөөмөй кезегендиги менен бирдей ритмде кагылып, жыйынтыгында партиялык, комсомолдук, кесип бирликтик уюмдарынын, аялдар, ардагерлер деген жасалма комитеттердин, анан албетте жумушчу табынын жана партияда жоктордун өкүлдөрү кантип мандат алып, кантип эл өкүлү болуп калгандыгын билбестен шайланчу. Азыркы жаш муун шайлоочуларга бир аз түшүнүктүү болуш үчүн, айта кетсек, ал учурда атаандаштык шайлоо эч кимдин түшүнө кирген эмес. Маселен Нарын шаардык Кеңешке 100 депутат шайлана турган болсо, анын баары ич ара бөлүштүрүлүп, андан соң буга партиянын, тигиге комсомолдун деп ылайыктуу талапкерлер изделип, табылгандар автоматтык түрдө атайын чакырылган жыйындарда бир добуштан көрсөтүлүп, шайлоочулар ошол бир гана талапкерге добуш беришчү. Ал доордо шайлоо күнү шайлоочулардын катышуусу сөссүз түрдө 99,99 пайызды түзүп, талапкерлерди 99,98 пайызы колдошчу. Тагыраагы бийлик ушундай көрсөткүч менен колдоттурчу.  Жыйынтыгында ал депутаттардын 99 пайызы сессиялык олтурумдарда күн тартибине киргизилген маселелерди 100 пайыз бир добуштан кабыл алышчу. Мындай ашкере жасалмалуулук ошол маалдарда балким дүйнөнүн бир дагы мамлекетинде болбосо керек. Тек, кайран зор империя кулаарына жакындап калган жылдарда (1989-1990-жж) «кайра куруу» деген саясат буркан-шаркан кайнап, бир курдай гана шайлоолор атаандаштыкта өткөрүлүмүш болгон. Ошондо айрым жылт эткен талапкерлерди бир аз көздөрү ачылган шайлоочулар өздөрүнүн өкүлдөрү кылууга жетишишкендигин эске албаганда «кайран» Кеңеш өкмөт мамлекети бир жолу дагы элдик шайлоону өткөргөн эмес экен.
 
Эгемендик жылдарындагы талапкерлерди тандоо
 
         Кыргыз эли өз алдынча мамлекет болгондон кийинки  алгачкы жылдарда эл өздөрүнүн бардык деңгээлдеги өкүлдөрүн чыныгы атаандаштыкта шайлоого мүмкүнчүлүк ала алышты. Тилекке каршы акыйкат шайлоо жөрөлгөсү тез эле тескери нукка бурулуп, «чөнтөк Парламент» түптөө жараяны иштелип чыгып, өтөөсүнө жеткирилип, бийликке ыңгайлуу жарандар, мейли алар коррупционерби, кылмышкерби эч ылганбастан мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигине келе башташты. Мындай бузуку саясаттын акыр түбү калктын уруу-урууга бөлүнүшүнө, жосунсуз жоруктардын келип чыгышына түрткү болуп, жыйынтыгында жер-жерлерде кармашуулар орун алып, мурда кийин кыргыз элинин нарк-насилинде эч качан болбогон жол тосуулар пайда болду. Шайлоочулардын эрки майтарылды. Блютендерди жасалмалоолор кадырэсе эле көрүнүшкө айланды. Акыры калк шайлоолордон, демек талапкерлерди таңдоодон көңүлдөрү кайт болушуп, иши кылса ким акча таратса, ким көңүл буруп бир куту чай берип, 100 грамм арак менен бир кесим эт сугунтса эле ошолорго добуштарын сатып калды.
        
Жаңыланымыш болгон жасалма бийлик
 
         Албетте, 1998-жылы Акаев Мыйзам чыгаруу бийлигин реформалоо саясатын баштамыш эткен болчу. Анда парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынына депутаттар саны 35тен 60 мандатка жеткирилип, анын 15 мандаты партиялык тизме аркылуу шайлоого ыроолонгон. Бирок бул 15 орундун беш мандатын коммунисттер жеңип алгандыктанбы, айтор реформа деген саясат андан ары улантылбай, кан буугандай токтотулган. Ал эми 2005-жылда болуп өткөн Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаттарын эки жылдан кийин эле Бакиев бийлиги мөөнөтүнөн мурда айдап чыккан. Башкы шылтоо «толук кандуу партиялык тизме менен шайлоо өткөрүлбөсө, өлкөдө акыйкаттык, аруулук орнобойт экен». Акыры айтылган укмуш реформа, бийлик мүдөөсүн иш жүзүнө эң сонун ашырып берди. Анткени парламенттин ал учурдагы 90 мандаты мындайча айтканда жөн эле калем сап менен бөлүштүрүлгөн. Болбосо 2007-жылы эле Бакиев түзө калган «Ак Жол» деген партия парламенттин дээрлик 79 пайыз мандатын (71 орун) ала алмак эместигин дароо эле талдоочулар айтып чыгышкан. Натыйжада шайлоо жыйынтыгынын алгачкы маалыматтарында 5 пайыздык босого чекке жакындаган КСДП 11 мандат (12 %) алгандыгы шарданаланса, 3 пайызга жетпеген көрсөткүчтө келе жаткан Компартия 8 депуты (9%) менен Жогорку Кеңештен орун алып калды. Жыйынтыгында шайлоочулардын, демек элдин үмүттөрү дагы бир сапар жалп өчтү да калды.   
 
Арылбаган, жармашкан илдет
 
Ошентип Ала Тоо жергесинде эки курдай бийлик эл тарабынан кулатылып, 2010-жылы мамлекетти башкаруу жаңы нукка бурулгансыды. Баш мыйзам ченеминде башкаруу түзүм мурункудай президенттик формада эмес, президенттик-парламенттик ыкмага өткөрүлдү. Анын натыйжасында шайлоо системасы андан ары өзгөртүлүп, Жогорку Кеңеш менен бирге шаардык Кеңештерге депутаттарды шайлоо дагы бирдиктүү шайлоо тутумунда же болбосо партиялык ыкмада шайлоо жараяны киргизилди.
Шайлоо тарыхына көз чаптырсак, мындай шайлоо жараян соңку тарыхта 1892-жылы кабылданыптыр. Дал ушул жылы тарыхта дүйнөдөгү бирден бир социалист-утопист деп атыккан улуу философтун бири Шарл Фуренин жазып калтырган эмгеги пайдаланылган экен. Ал өзү 1837-жылы дүйнөдөн кайтат. Бирок 55 жылдан соң анын бир утопиясы кабылданат. Натыйжада Бельгия 1899-жылы дүйнөдө биринчи болуп партиялык тизме аркылуу эл өкүлдөрүн шайлайт. Жер шарындагы көптөгөн мамлекеттер 113 жылдан бери ушул ыкманы колдонуп, бир кишинин же бир коктунун кызыкчылыгы үчүн эмес, коомдогу түрдүү социалдык катмарлардын кызыкчылык мүдөөлөрүн саясий партиялардын жыйындысы жана алардын ич ара мамилеси аркылуу коргоо керек туюмда эл өкүлдөрүн шайлап келишет. Ал эми биз болсо эки курдай Жогорку Кеңешке (Бакиевчил ажолчуларды айтып не), бир курдай шаардык Кеңештерге ушул ыкмада шайлоо өткөрдүк. Бирок тилекке каршы шайлоолордогу мурунтадан келе жаткан жабышкан илдеттер арылбагандыгын кирип келе жаткан шайлоо шарапаты да көрсөтүүдө.
 
Экчиленгендер жана эмне кылаарын билбегендер
 
         Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинен алынган маалымат боюнча 2012-жылдагы шайлоодо шаардык Кеңешке 8 партия ат салышкан. Анда катталган шайлоочулардын 47,5 пайызы добуш беришип, жыйынтыгында 6 партия белгиленген 7 пайыздык босогодон өтүп, мандат алууга эгедерленген. Же болбосо КСДП 17,87%, «Замандаш» 17,63%, «Республика» 17,07% жана «Ата Мекен» 15,37% добуш топтошуп, ар бири 6 мандатка ээ болушса, «Мекен ынтымагы» 11,33 % менен 4 мандатка жана 8,43 % алган «Ак-Шумкар» 3 мандат алып бардыгы 31 депутат эл өкүлү болушкан. 4 жыл аралыгында 14 депутат депутаттыктан баш тартышса, алардын көпчүлүгү өз каалоолору менен эл өкүлү болгусу келбегендигин билдирип арыз жазышкан экен. Алардын алтоо «Республика», үчтөн депутат «Мекен ынтымагы», «Ата Мекен», бирден депутат «Ак-шумкар» жана «Замандаш» партиясына туура келет. Ал эми «Республика» партиясынан тизмеге кирген Узак Орозакунов бул партиядан шайланган Нурбек Молдокадыровдун бошоткон ордуна 2014-жылдын июнь айында мандат алып, 2015-жылдын сентябрь айында депутат болууну каалабай арыз жазат. Ордуна Жанарбек Чыңгышов келет. Бирок ал 2016-жылдын апрель айында эл өкүлү болгусу келбегендигин билгизет. Натыйжада анын бош мандатын Динара Асанова ээлейт. Эми болсо эң кызык соңку жомок бар болгону 7 ай депутат болгон ошол эле Ж.Чыңгышов мырза 16-катар тизме менен «Кыргызстан» партиясынан талапкер болуп катталган. Экинчи жомоктор бир учурда «Республика» партиясынан аттанышып, шайлоочулардын ишенимин алышып депутат болушуп, кийин мандаттарын берген жана учурда да депутат болуп турушкан Уланбек Жаанбаев, Максат Жолдошбеков, Давид Курманов, Мунира Калиева, Динара Асанова жана Ж.Чыңгышов «Кыргызстан» партиясынын алдыңкы катарларында талапкер болушууда. Мындай экчиленген көз караштарды башка партиялардан да кезиктирүүгө болот. Кыргызстан социал-демократтар партиясынан (КСДП) мандат алгандардан учурда алтоо кайрадан депутат болууга үмүт артышууда. Бирок төрт жыл илгери бул партияга кайнаса каны кошулбаган «Ак-Шумкар» партиясынан депутат болуп шайланган үч депутат, атап айтканда Рысбек Адиев (кийин шаар мэри болуп шайланган), Ырысбүбү Ибраимова жана Жыргалбек Ботоканов эми КСДПнын алдыңкы тизмесинен орун алышыптыр. 2012-жылы «Замандаш» жана «Мекен ынтымагы» деп кыйкырышып, «Республика» партиясын жерден алып көргө ургандар эми ушул партиянын босогосунан баш багышууда. Маселен шаардык кеңештин учурдагы төрагасы Эрмек Турсуналиев мырза партиялаштары Максат Телтаев, Уланбек Сопакунов менен «Замандаштын» ырын ырдап эл өкүлү болушса, бул жолкуда «Республика-Ата Журт» (РАЖ) партиясынын алдыңкы тизмесинде жүрүшөт. Ошондой эле «Мекен ынтымагы» партиясынан төрттүн бири болуп шайланган Сарыбагыш Эсеналиев 2016-жылы мандатын тапшырыптыр. Бирок бул мырза учурда РАЖдан төртүнчү катарда ат салышууда. Ошондой эле мурунку чакырылышта «Мекен ынтымагы» партиядан шайлангандардан Турат Аракеев менен Курманбек Жакыпов  дагы РАЖдын ырын ырдоодо. Ал эми «Ата Мекен» партиясынан депутат болуп, бирок 2015-жылдын сентябрь айында мандатын тапшырган Эрлан Аскаров мырза бул жолкусунда кайрадан ушул партиянын сап башында талапкер болуп катталыптыр.
   Үчүнчү жомок «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу» жөнүндөгү Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү билип туруп билмексендикке салуу жомогу. Бул Мыйзамга 2013-жылы өзгөртүү киргизилгендигин БШКнын аймактык өкүлчүлүгү билдирүүдө. Анда мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекеме-ишканалардын жетекчилери жергиликтүү Кеңештердин депутаты боло албайт деген чен өлчөм киргизилген. Бирок ага карабастан бир катар жетекчилер кадимкидей талапкер болушууда. Көрсө эң оңой жооп даяр экен. Ал:-Мен шайлоодон кийин же кызматты же депутаттыкты таңдаймын,-деп четке чыга берет. Албетте шайлоого талапкер болуу ар кимдин укугу. Бирок шайлоого таасирин тийгизүү менен эртеңки күнү ал оңой менен эл өкүлү боло койбостугу бештен белгилүү эмеспи. Натыйжада шайлоочулар бул жолкусунда деле кимге ишенерин билбей турган чактары. Ал орто эл арасында бул партияга добушуңду бер деп, атайын баракчаларга кол койдурган жараян күч ала баштады.
 
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.