Курс НБ на 08.03.2021 $84,8000 €101,1579

​Шаарды иреттөө, санитардык абалын жакшыртуу иштери уланууда

Аймак
25 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
80
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жана Оштогу жашылдандыруу чарба комбинатынын кызматкерлери Салиева көчөсүнүн Жийделик көчөсү менен кесилишкен Касымбеков көчөсүнө чейинки көп кабаттуу үйлөрдүн айланасында мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо иштерин жүргүзүп жатышат. Объектилерди демонтаждоо жана санитардык тазалоо учурунда, аткарылып жаткан иштер жөнүндө тургундарга алдын-ала эскертүү берилүүдө.  Көпчүлүк тургундар жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен карашып, мыйзамсыз салынган имараттарын бузууга жардам жана колдоо көрсөтүшүүдө.
Айта кетсек, 2021-жылы Салиева көчөсүнө  аллея куруу пландаштырылган. Учурда долбоордук-сметалык документтерди даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат.  Курулуш иштери башталганга чейин,  негизинен кароосуз калган үйлөрдүн айланасын санитардык тазалоо,  мыйзамсыз курулуштарды алдыруу, тосмолор, гараждар, убактылуу соода түйүндөрүн  жана бак-дарактарды иретке келтирилүүдө.
Планга ылайык, курулуш иштери ушул жылдын май айында башталып, жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Долбоордо тротуарларды, ирригациялык тармактарды реконструкциялоо, жолду асфальттоо, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери,  ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн маңдайкы бетин сырдоо, фонтан куруу каралган.
Р. Исмаилова
Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу