Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

Сасык тумоодон улам Ысык-Көлдө мектептер жабылды

Аймак
16 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
561
Ысык-Көл облусунда сасык тумоого байланыштуу 16 мектеп жана 3 бала бакча жабылды. Мындай маалыматты  Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын маалыматына караганда,  Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунда сасык тумоо күч алып  кеткендиктен, ушундай чечим кабыл алынган. 14-декабрга карата облуста  сасык тумоого кабылган 1129 адам катталган. 7 миңге жакын адам эмдөөдөн өттү.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.