Курс НБ на 03.06.2020 $73,4726 €82,3665

Россияда окуучу баланы куткарган эки кыргызстандыктын көздөрү көрбөй калды

Аймак
08 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
770
Камчатканын Елизовский районунун тургундары Кыргызстандын үч жаранына жардам берүү өтүнүчү менен жергиликтүү бийликке кайрылды. Алардын экөө 14 жаштагы мектеп окуучусу Антонду куткаргандан кийин көздөрү көрбөй калган. Бул тууралуу kam24.ru булагы кабарлады. Өтүнүч катты жазган баланын апасы Елена Никонованын айтымында, ушул жылдын  20-августунда Елизовский районундагы жеке менчик үйдө жашаган анын 66 жаштагы апасы үйдүн жер төлөсүн тазалоону чечкен.
"Жер төлөнү дезинфекциялаш үчүн ал жыты жок, жаңы каражатты колдонгон. Бул эмне деген зат экенин азырынча аныктай элекпиз. Кийинки күнү, 21-августта апам жер төлөнүн оозун ачып, ага түшмөчү болгон. Бирок тепкичтен өзүн жаман сезип, акыл-эсин жоготуп кулап түшкөн. Бир топтон кийин апамды коңшу аял издеп келип, 14 жаштагы небересинен, менин уулумдан сураган. Антон ошондон кийин чоң энесин жер төлөдөн тапкан",-дейт аял. Мындан кийин өспүрүм бала кошуналарына барып, тез жардам чакырууга көмөк сураган, өзү болсо чоң энесине кайтып келип анын жанына жеткенде акыл-эсин жоготкон.
"Ошондон кийин кошуналар улуту боюнча өзбек жигиттерди, Кыргызстандын жарандарын жардамга чакырышкан. Алар ошол райондо жергиликтүү тургундун мешин оңдоп иштеп жатышкан экен. Эркектер дароо келишкен. Алардын экөө- 26 жаштагы Казимжон Адилов менен 48 жаштагы Махамаджон Шералиев жер төлөгө түшүп баланы алып чыкмай болушкан, ал эми үчүнчүсү коңшубуз экөө үстүнөн аларды тартып алмак болуп калышкан. Алар уулумду алып чыгары менен эсин жоготуп кулашкан",-дейт Елена.
Өз кезегинде ИИМдин Камчаткадагы башкармалыгы бул окуя болгонун каттоого алгандыгын маалымдады. " 21-августта ооруканага кыргызстандык үч жаран "күйүүчү продуктуларга ууланган" деген диагноз менен жаткырылган. Үч эркек Россиянын аймагында мыйзамдуу иштеген",-деп билдирди басма сөз кызматынын жетекчиси Алла Иванова.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.