Курс НБ на 22.08.2019 $69,7961 €77,4597

Үрөнчүлүк чарбада иш кызуу жүрүүдө

Аймак
18 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
75
Ысык-Ата районуна караштуу Люксембург айылында жайгашкан “Таза-Жан” адистештирилген үрөнчүлүк чарбасында инновациялык технологиянын алдыңкы ыкмалары  колдонулат. Үрөнчүлүк чарбанын үрөндү жана данды кабыл алып, тазалап, сактоо боюнча эки кампасы бар. 2500 га ашык айыл чарбалык жер аянты бар. Учурда райондогу 18 айыл өкмөттүн 10 жер ресурстары менен пайдаланат. Өткөн жылы 1980 га жер аянтына – 330 га кант кызылча, 650 га дандык жүгөрү, калган 900 га дан эгиндери жана көп жылдык чөптөр себилген. 100 га жер аянтына үрөндүк дан эгиндер себилген. Чарба тарабынан Россия, Краснодар, Воронежден жана Ставрополдон жалпы суммасы 1,5 млн.сомго 45 тонна буудайдын жогорку элита репродукциядагы үрөндөрү алынып келинген.  Ал эми бул  жылы эсеп боюнча талаа инспекциясынан өткөрүлүп жана сертификацикатталган кылкандуу дан эгиндеринин 2,5 миң тоннадан кем эмес көлөмдө үрөндү өндүрүүнү күтүүдө.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу