Курс НБ на 17.01.2021 $84,4817 €102,4848

Ошто аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Аймак
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
892
        Курман айт майрамынын урматына Ош шаарындагы  бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ар бир аймакка курмандык союу үчүн кара мал жана 50 миң сом акча каражатын  бөлгөн.
Аймактык кеңештердеги майрамдык иш-чараларга шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Аалы Карашев, ИИМ биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов катышып, шаардыктарды Курман  айт майрамы менен куттукташты. Ар бир аймакта көзү өтүп кеткендер эскерилип, куран түшүрүлдү жана аймактык тургундарга  майрамдык дасторкондор жайылды.
   Калаа башчысы Курман айт майрамы-элибизге кубаныч тартуулап, журтубуздун бейпилдигин арттырып, ыймандуу, берешен дасторконду, келечекте өнүккөн  коомдун түптөлүүсүнө чоң салым кошот деп билдирди. “Ыйык Курман айт күнү мусулмандар ата-бабаларын эскерип, аларга арнап куран түшүрүп, курмандык чалышат, муктаж болгон адамдарга кайрымдуулук жасашат. “Курмандык чалуу- Алла Тааланын буйругуна баш ийүү жана анын бизге берген жакшылыктарына, ыкластарына ыраазычылык билдирүү болуп саналат”-деп айтышат аалымдар. Демек, бул күн бири-бирибизди жакындатып, ортодогу урмат-сыйды жогорулатат.  Алла Таала баарыбызга ыйман-ынсап берип, өлкөбүздө, шаарыбызда тынчтык, өсүп-өнүгүү ыроолосун. Кечиримдүүлүктүн, берекенин, ыймандын нурун чачкан майрамыңыздар куттуу болсун ”,-  деди А.Кадырбаев.
 Ал эми шаардын башка аймактарына вице-мэрлер барып жалпы эл менен чогуу Курман айт майрамын белгилешти.
            Ризван Исмаилова, Ош облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.