Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

Ошто 30 метрлик балаты орнотулду
Ош шаарынын борбордук аянтына орнотулган жаңы жылдык балаты жандырылды. Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, балатыны кооздоо иштери кечээ, 22-декабрда аяктаган. Оштун тургундары борбордук аянттагы балатынын бийиктигине жана жасалгалоосуна өзгөчө көңүл бурууда.
Шаардагы окуу жайлардын биринде окуган студент Максатбек Сатыбалдиевдин айтымында, борбордук аянттагы кооздук майрамдык маанай тартуулап жатат.
«Бул жерге шаардыктар, студенттер жана ата-энелер балдары менен келип эс алып жатышат. Балаты да, борбордук аянт да жакшы кооздолуптур», - деди Максатбек.
Борбордук аянттагы бактарга жана балатыларга орнотулган ар кандай түстөгү жарык берүүчү лампалар жомоктогудай элес калтырууда.
Ош шаарындагы балатынын бийиктиги 30 метрге жетет. Ал эми, Бишкекте 19-декабрда жандырылган балаты 25 метрлик.
Ош шаарынын борбордук аянтын жаңы жылга жасалгалап, балаты орнотууга 1 млн сом каралган. Тендердин жыйынтыгы менен «Турар Дизайн» ЖЧКсы жеңип чыгып, сметалык баа 899 миң сомду түздү.
Булак: Turmush

Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек