Курс НБ на 17.01.2021 $84,4817 €102,4848

ОшМУнун студенттери Түркиянын университеттеринен билим алышат
Ош мамлекеттик университетинен 31 студент, 1 магистрант, 18 окутуучу Мевлана программасы боюнча Түркиядагы белгилүү университеттерден билим алып, тажрыйба бөлүшүп келүүгө мүмкүнчүлүк алышты. 20016-2017-окуу жылында Мевлана программасы боюнча Түркиянын университеттерине аттанып турушкан окутуучу, магистрант, студенттер менен ОшМУнун ректору Каныбек Исаков жолугушуп, сапарлары байсалдуу болуусун каалады. Учурда тил билип, аракет кылган окутуучу, студенттер үчүн чет өлкөлүк университеттерден билим алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңири экендигин белгиледи. Ошондой эле барган окуу жайдын жакшы жактарын үйрөнүп, салыштырып, жалпы дүйнөлүк билим берүүдөгү интеграцияга аралашып, ОшМУдан келген студент катары өздөрүнүн артыкчылыктарын көрсөтүп, терең билим, тажрыйба алып келүүгө чакырды.
Айта кетсек, Мевлана программасы эки окуу жайдын ортосунда өз ара достук мамилени орнотуу, студенттердин, окутуучулардын илимпозордун академиялык тажрыйба алмашуусуна өбөлгө болуучу программа болуп саналат. Учурда ОшМУ Мевлана программасы боюнча Түркиянын 40тан ашуун университеттери менен келишимдерге кол коюлган, өз ара тыгыз кызматташып келишүүдө.
Ризван Исмаилова, Ош облусу

Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек