Курс НБ на 22.08.2019 $69,7961 €77,4597

Ош шаарындагы Курманжан датка орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү директорун кызматтан кетиришти

Аймак
23 - Май 2019
www.erkintoo.kg
123

11- май күнү Ош шаарындагы Курманжан датка орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү үлпөт салтанатында автоунааларга түшүп, Сулайман тоого эс алганы барышкандыгы аныкталган. Ал эле эмес  аларды жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери кармап, автоунаалар айып токтотмого коюшкандыгы да белгилүү болду. Бул окуя тууралуу  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирүү жасады.  Маалыматта айтылгандай, бул окуядан кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгы шаардык билим берүү башкармалыгына кайрылып, аталган мектептин жетекчилигине чара көрүүнү суранган. Натыйжада Курманжан датка орто мектебинин директору Каныкей Эргешова 16-май күнү өз арызы менен кызматтан кеткен.  



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу