Курс НБ на 17.01.2021 $84,4817 €102,4848

Ош шаарында Курман Айт намазга 10 миңден ашуун адам катышты

Аймак
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
941
         Ош шаарындагы борбордук аянтта саат 8:00до Курман айт намазы окулду. Ага Ош шаарынын мэри  Айтмамат Кадырбаев, Президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Аалы Карашев, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Таалайбек Сарыбашев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов жана 10 миңден ашуун шаар тургундары катышты.
    Шаар    башчысы Айтмамат Кадырбаев жалпы мусулмандарды майрамы менен куттуктап, ыйык күн кечиримдүүлүктүн, кубанычтын күнү экендигин айтып, өлкөнүн тынчтыгын, бейпил жашоосун, элдер ортосундагы  ынтымак-ырашкердикти  тиледи.
    “Баарыңыздарды Курман Айт майрамы менен куттуктайм. Улуу жаратуучунун эң ыйык күндөрүнүн биринде жүз көрүшүп отурабыз. Бул күнү баардык араздашкандар жарашып, касташкандар достошо турган ыйык күн. Курман айт майрамы Алланын берекеси жааган күн экендиги курандарда айтылып келет. Ошондуктан баардыгыбыз айт намазын окуу менен бирге эле, жаратуучудан  Кыргызстан мамлекетинин өнүп-өсүшүн, анын ичинде Ош шаарына береке, тынчтык жана ынтымак тилейли. Кудай бизди ыймандан ажыратпасын, эли журтубуз айдан аман, жылдан эсен, ынтымактуу болсун,  ылайым балдарыбыз, ата – энеге, бир туугандарына, эли –журтуна  күйүмдүү болуп, ар бир үй- бүлөдө ынтымак, өлкөбүздө тынчтык ыроолоп, балдардын бактылуу, кубануу, сүйүнүчтүү күлкүсү угулуп турсун”, - деди А. Кадырбаев.
Ризван Исмаилова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.