Курс НБ на 17.01.2021 $84,4817 €102,4848

ОБСЕнин өкүлү Уильям Лиф менен жолугушуу

Аймак
14 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
1010
           Ош шаарынын биринч вице-мэри Замирбек Аскаров  Бишкектеги ОБСЕ  борборунун башкы  өкүлү       Уильям Лиф  менен жолугушту. З. Аскаров  ОБСЕ борборунун ар түрдүү долбоорлору  социалдык өнөктөштүктү чыңдоодо  жана  кылмыш, укук бузууларды алдын-алуу, профилактикалоодогу салымын баса келип, урматтуу коноктун Ош шаарына келгенине кубангандыгын  билдирди.
         Жолугушунун жүрүшүндө Ош шаардык мэриясы жана  шаардык ИИБ менен мындан ары кызматташуунун жобосу;  укук бузууларды профилактикалоо боюнча  биргелешкен  Планды иштеп чыгуу жана  кылмыштуулуктуу алдын-алуу боюнча Координациялык  топту түзүү,ошону менен бирге  калк жашаган  пункттарда мэриянын,  территориалдык аймактын өкүлдөрү менен бирге көчмө  жыйындарды уюштуруу  маселелери талкууланды.Ош шаардык ИИБ начальнигинин орун басары А. Бахрамов, мэриянын  координациялаган бөлүмдөрүнүн жетекчилери ,ОБСЕнин “Кварталдык милицияны күчөтүү” долбоорунун  өкүлү Н. Төрөбаевдер жогорудагы маселелер боюнча пикирлерин айтышты.
   Эске  сала кетсек, “Кварталдык милицияны күчөтүү” долбоорунун алкагында Ош шаардык ИИБ  азыркы  учурда  укук   бузууларды профилактикалоо, кылмыштуулуктун алдын-алуу боюнча коомдук-профилактикалык Борбордун мүчөлөрү менен бирге участкалык милициянын жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлордун потенциалын чыңдоо багытында бир катар иш-чараларды өткөрүүдө;
-Милиция кызматкерлери жана  кварталдык милиция боюнча окуу борборунун КПБ мүчөлөрү үчүн  семинар-тренингдерди окутуу;
-Жашы жете элек өспүрүмдөр үчүн прфилактика боюнча  биргелешкен иш-чараларды өткөрүү “Ачык эшик күнү”, балдар үчүн “Менин милициям мени коргойт” акциясын уюштуруу;
-Мамлекеттик жана  мамлекеттик эмес мекемелерде  жашы жете элек өспүрүмдөрдүн  арасындагы  укук бузууларды  алдын-алуу үчүн  жана прфилактикалоодо ведомстволор аралык координациялык  жыйындарды өткөрүү;

- укук бузууларды  алдын-алуу боюнча шаар  тургундары менен биргеликте  “Сиздин участковоюңуз”деген  көрнөктүн алдында участкалык милициянын жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлордун иш-аракеттеринин  натыйжалуулугу үчүн комплекстүү компаниянын чогуу иш алып барышы:
-Ош шаарынын ИИБ менен бирге  шаар тугундарынан түшкөн арыз-дооматтарды  жеринде  текшерүү үчүн  милициянын көчмө кабыл алуусунун ишин активдештирүү
 Мына  ушундай багыттарды алдына  максат кылган  укук коргоо органдары милициянын калк арасындагны кадыр-баркын көтөрүү үчүн аракеттенерин айтышты
Ризван Исмаилова, Ош облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.