Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

Ноокен районунда “Манас” Эл аралык аэропортунда авиакыйроодон каза болгон үй-бүлө мүчөлөрү жерге берилди

Аймак
18 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
514
Ноокен районуна караштуу Ноокен айыл аймагынын Курулуш айылында “Манас” Эл аралык аэропортунда “Боинг-747” учагынын кыйроосунан каза болгон үй-бүлө мүчөлөрү жерге берилди. Каргашалуу кыйроодон каза болушкан ушул айылдын тургуну, 8 айлык боюнда бар, 1993-жылы туулган Венера Дүйшеева, анын 4 жаштагы уулу Исабек Камилов жана 6 жаштагы уулу Алибек Камиловдун сөөктөрү жерге коюлду. Денеси катуу күйүккө кабылган күйөөсү Бишкек шаарында ооруканада дарыланууда.
     КР Өкмөтүнүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев каза болушкан үй-бүлөнүн жакындарына Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин материалдык жардам көрсөтүү фондунан 100 миң сом жана КРнын Өкмөтүнүн атынан 70 миң сом жардамдарын тапшырды.
 
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.