Курс НБ на 18.01.2021 $84,6069 €102,1163

Нарындык окуучулар Эстониядагы роботтор таймашында 5-орунду ээлешти

Аймак
09 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
578
Жаңы жылдын алдында нарындык окуучулардан түзүлгөн «Нарынград» тобу программалаштырган роботтор Эстониянын Таллин шаарында өткөрүлгөн эл аралык сынакка катышып келишти. Жыйынтыгында алар 5-орунга ээ болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына аталган топтун жетекчиси — Нарын шаарындагы М.Субагожоев атындагы кыргыз-түрк лицейинин информатика мугалими Икрам Абдыкалыков билдирди.

«Эл аралык "Роботекс 2016" таймашы — Европадагы эң чоң роботтор арасындагы таймаш жана жыл сайын өткөрүлүп турат. Анын деңгээли олимпиадага тете. Бул жылы таймашка 1137 робот жана 2660 катышуучу келген. Биз сыймыктануучу жагдай — КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бир гана Кыргызстандагы окуучу балдар катышты.
Республикада роботтордун улуттук лигасы жок болгондуктан Кыргызстандын командасы дүйнөлүк деңгээлдеги таймаштарга катыша албаганы өкүндүрөт. Биздин командалар мындай мелдештерге катышуу үчүн өз алдынча аракет кылышат.
Биздин роботтор эки категория боюнча ат салышты. Анын биринин аты Теңирбек, экинчиси — Флешбек. Бири Лего Сумо (Жапониянын сумо спортуна окшош) боюнча таймашып, андан тез эле утулуп калдык. экинчиси Лего лайн Фоллловер (кара сызыкты таап жүрүү) боюнча чыгып, нарындык Бекназар менен Абдурауфтун роботтору 26 өлкөдөн келген 200 роботтун арасынан жарым финалга чейин жетти. Жыйынтыгында 5-орунга ээ болушту. Бештиктин ичине 1-2-орундарды ээлеген Италия, андан кийин Эстония жана Чехия кирди.
Балдарыбызга үмүт абдан чоң. Буюрса беш жылда жапондордукунан кем калбаган роботторду жасап алып чыгышы мүмкүн. Чоң масштабдагы кийинки таймаштарга көбүрөөк робот менен катышууга каракет кылабыз», - деди мугалим.
Икрам Абдыкалыковдун айтымында, робот жасоо үчүн баланын кызыгуусу жана эмгек керек. Сөзсүз түрдө физика, информатика сабактарын жакшы өздөштүрүү зарыл. Роботту жасоочу атайын комплект 400 доллар турат, аны Европа, Россиядан буюртма кылууга болот. Роботту ар ким каалагандай конструкциялап, программалай алат.

Булак: Turmush


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.