Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

Нарында ыйгарым укуктуу өкүлдүн балдар үчүн Жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү (фоторепортаж)

Аймак
30 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
882
Кечээ, 2016-жылдын 29-декабрында, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповичтин балдар үчүн Жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү.
Майрамдык иш-чара облустук драма театрынын чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалган “Чыпалак бала” аттуу театрлаштырылган жомок көрсөтүлдү.
Андан соң А.Кайыпов балдарды келе жаткан жаңы жыл менен куттуктады. Өз сөзүндө жетекчи кечелектин пайдубалын түптөө үчүн балдардын саламаттыгын кароо жана сапаттуу билим алуусун камсыздоо зарыл экенин белгилеп, аларга тийиштүү шарттарды түзүп берүүдө мамлекет тарабынан ондогон жаңы мектептер, бала бакчалар салынып, менчиктештирилип кеткен бала бакчалар дагы кайтарылып алынып жатканын маалымдады.
Балаты майрамында балдар Аяз ата, Аяз кызга өнөрлөрүн көрсөтүп, ыйгарым укуктуу өкүлдүн колунан белектерди алышты.
 Жаңы жылдык балаты майрамында томолой жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар катышты.
Майрамдык иш-чараны өткөрүүгө Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 137 миң сом бөлүнүп, 250 балага белектер даярдалды. Анын ичинен облуста катталган бардык 222 томолой жетим балдарга белектер таратылды.  
Дүйшөк кызы Айнура, Нарын облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.