Курс НБ на 17.01.2021 $84,4817 €102,4848

Нарында ФАПтын курулушуна капсула салынды

Аймак
15 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
772
14-сентябрь күнү Нарын районундагы Дөбөлү айылына райондук үй-бүлөлүк медицина борборуна караштуу фельдшердик-акушердик жайдын (ФАП) имаратынын курулушу үчүн капсула салуу жараяны болуп өттү. Анын аземине «Хьюмен Эппиел Интернейшнл» кайрымдуулук корунун Кыргызстандагы деректири Али Айоуб, район бийлигинин жана айыл өкмөттүн жетекчиликтери менен коомчулук катышышты.
         -Биздин уюм социалдык обьектилерди куруу менен бирге мектептерди, бала бакчаларды керектүү жабдуулар менен камсыздап да турат. Ошондой эле томолой жетим балдарга ар ай сайын 2200 сомдон жөлөк каражат берип, алардын муктаждыктарын чечүүгө көмөктөшөт. Натыйжада бул жолу ушул айылдын элинин саламаттыгын алдын алуу үчүн кезектеги медициналык аянты 55 чарчы метр болгон имаратты 1 млн.сомго куруп берүүнү чечтик. Ал эми буюрса 3 айдан кийин бул жай пайдаланууга берилгенден соң, тиешелүү медициналык жабдыктар, эмеректер алынып берилет,-деп билдирди курулушту ишке ашыруучу кайрымдуулук кордун жетекчиси А.Айоуб мырза. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Улан Алсейитов жергиликтүү бюджеттен долбоордун 100 миң сомдук наркын чечип беришерин жана электр менен жабдуу, ыплас сууларды тазалоо жумуштарын аткарышаарын билдирди.
         Салтанатта айылдыктар А.Айоуб жана бул долбоорду жүзөгө ашырууга салым кошкон анын жардамчысы Айчолпон Атайбековага чоң ыраазычылык билдиришип, өмүрлөрүнүн узун болушун каалашты.
         -Бул кайрымдуулук уюм Кыргызстанда 5 жылдан бери иштеп келүүдө. Ушул жылдарда өлкөгө 27 ФАП жана үй-бүлөлүк медицина тобуна имараттарды куруп берди. Кадамжай районуна мектеп салынды. 150 бала бакчага жардамдар берилди. 3300 жетим балдарга ар ай сайын жөлөк каражаттар берилип турулат. Көптөгөн мектептер тиешелүү окуу куралдары, эмеректер менен жабдылууда,-деген А.Атайбекова айым ушул Нарын районуна эле «Хьюмен Эппиел Интернейшнл» кайрымдуулук кору аркылуу Алыш айылына таза суу чыгарылып, Шоро айылындагы мектепке парталар алынып берилгендигин, Таш-Башат айылына талапка ылайык медициналык имарат салынып берилгендигин кошумчалады.
         Айтмакчы өткөн жылы А.Айоуб мырзага Нарын районунун «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган экен.
 
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.