Курс НБ на 18.01.2021 $84,6069 €102,1163

Нарында акимдерге сөгүш, акимиаттын адистерине алкыш жарыяланды (фоторепортаж)

Аймак
25 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
655
24-январда Нарын облусунун 2016-жылдын январь-декабрь айларында социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары боюнча облустук коллегиянын отуруму өттү.
Отурумга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев катышты.
Күн тартибинде облустун 2016-жыл ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары каралды. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов жана Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева жыл ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат беришти.
К.Асизов облустун өнөр жай продукциясын өндүрүүсү 2016-жылы 2 млрд 315,6 млн. сомду түзгөнүн маалымдап, мындан сырткары айыл чарба, мамлекеттик киреше бөлүгү, «2013-2017-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясына» Нарын облусу боюнча кирген улуттук инвестициялык  долбоорлор,  Кыргыз Республикасынын 2013-2017- жылдарга туруктуу өнүгүүгө өтүүнүн программасы, курулуш, таза суу менен камсыздоо жана башка маселелерге кеңири токтолду.
Өкүлдүн орун басары Ж.Ибраева социалдык тармактарда аткарылган иштерди белгилеп, орто мектептердеги билим сапатынын көрсөткүчтөрүнө, бала бакчалардын кайтарылып алуусу, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт, миграция, туризм тармактары боюнча жетишкендиктер менен катар көйгөйлөр боюнча  маалымат берди.
Маалыматтар угулган соң М.Абулгазиев облуста жалпысынан жакшы иштер аткарылып жатканын белгилеп, бирок аны менен катар кетирилип жаткан кемчиликтер боюнча акимдердин, айыл өкмөттөрүнүн ишин сынга алды. Анда мамлекет калкка бардык шарттарды түзүп жатканы менен жергиликтүү бийлик, өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланбай, тийиштүү деңгээлде иш алып барбай жатканын айтты.
«Эл менен иштеше билген, үндөгөн башкаруучулар керек. Акимдин, айыл өкмөттөрүнүн негизги иши ушул. Каражат булактарын издеп өнүгүү жолдорун кароо зарыл. Жер салыгын көтөрүү менен айыл ичиндеги майда жумуштарды жасоого мүмкүн»,-деп белгиледи өз сөзүндө М.Абулгазиев.
Мындан сырткары, 2017-жылдан тарта Нарын, Ысык-Көл облусунунан айыл чарба продукцияларын Кытай Эл Республикасына жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк ачылаарын белгилеп, бул багытта бардык тийиштүү чараларды көрүү зарыл экенин эскертти. Ошондой эле Өзбекстан мамлекети 32 млн калк экенин айтып, иш сапары учурунда Кыргыз Республикасынын продукцияларын алуу боюнча ойлорун билдиришкенин белгилеп өттү.
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов берилген тапшырмаларды өз убагында аткарууну колго алышаарын жана айыл чарбасы боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолуп, мал этин экспорттоого даярдыктарды жүргүзүү максатында акыркы эки жылдан бери 9 ветклиника курулуп, 20дан ашуун ветклиника курулуу алдында турганын маалымдады. Ал эми этти экспортко чыгаруу үчүн 2 логистикалык борборлорду куруу пландалып, бардык тийиштүү документтер даярдалганына карабастан каржылоо маселеси чечилбей жатканын белгиледи.
Коллегиянын отурумунда КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова санариптик телевидениеге өтүүгө даярдыктарды көрүү боюнча маалымат берди.
             Облустук коллегиянын жыйынтыгында Нарын облустук коллегиясы токтом менен
Ат-Башы районунда республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүнүн  пландык көрсөткүчүн аткарбагандыгы, электр энергияга болгон дебитордук карыздардын деңгээлин жогорулатууга жол бергендиги,социалдык камсыздандыруу взносторунун карыздарын өндүрүү боюнча натыйжалуу чараларды көрбөгөндүгү, 2016-жылга үлүштүк дем берүүчү грандка долбоорлорго сунуш берүү иштерин тиешелүү деңгээлде уюштурбагандыгы үчүн Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ж.Субагожоевге, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Ж.Ибраимакун уулуна эскертүү берилди. Ал эми Нарын шаарындагы элге көмүр отунун сатуучу кампалардагы көмүрдүн запасын жетиштүү кармоого убагында  чараларды көрбөгөндүгү, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн  пландык көрсөткүчүн тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы, социалдык камсыздандыруу взносторунун карыздарын өндүрүү боюнча натыйжалуу чараларды көрбөгөндүгү үчүн Нарын шаарынын 1-вице – мэри-мэрдин милдетин аткаруучу А.Сурановго сөгүш берилди.
Ал эми Нарын шаарындагы “Борбордук” отканадан жылуулук алган мекемелерди, 2025 чегара аскер бөлүгүнүн имараттарын, көп кабаттуу турак-жайларын жылытууда үзгүлтүккө жол бергендиги үчүн Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин директору У.Айтиевге эскертүү берилди.
 Аны менен катар облустун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкон айрым кызматкерлерге М.Абулгазиев Өкмөттүн сыйлыктарын тапшырды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын башкы адиси Жумагулов Табылды сыйланса,   Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Кыялбек Абакировго, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Суеркул Бакировго,  Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси Искендер Садыбакасовго, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Дуйшенбек Мамытбековго Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыяланды.
Айнура Дүйшөк кызы, КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.