Курс НБ на 23.08.2019 $69,7882 €77,2311

​Нарын университетине 23 жыл

Аймак
28 - Май 2019
www.erkintoo.kg
130
С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин түзүлгөндүгүнүн 23 жыл болду. Бул датага байланыштуу бир катар конференциялар өтүп жатканын университет жетекчилиги кабарлады. Университет 1996-жылдын 22-майында Нарын айыл чарба техникумунун, Мамбетакунов Кадырбай атындагы педагогикалык окуу жайы жана Кыргыз архитектуралык курулуш институтунун облустук филиалынын базасында Нарын шаарында ачылган. Университеттин ачылышы Нарын эли үчүн чоң сыймык болуп, республикага керектүү жогорку билимдүү кадрларды даярдоо менен гана чектелбестен, калктын социалдык – маданий маселелерин чечүүгө да салым кошууда.
Мээрим Бактыбек кызы
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу