Курс НБ на 26.01.2021 $84,7911 €103,2162

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын неврология бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү (фоторепортаж)

Аймак
09 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
1008

Бүгүн, 2016-жылдын 9-сентябрында, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын неврология бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-секретары Паиза Суюмбаева, КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын башкы дарыгери Мурат Атбаев жана медицина кызматкерлери катышты.

Салтанаттуу аземди облус башчы А.Кайыпов ачып, облустун саламаттыкты сактоо тармагындагы алгылыктуу иштер менен катар көйгөйлөрүнө токтолду. Аталган бөлүм эгемендүүлүк алгандан бери Нарында биринчи салынып жаткан медициналык имарат экенин белгилеп, ар түркүн кырдаалдарга карабастан кызматын көрсөтүп жаткан медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Ч.Турсунбеков жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, республикада 3 оорукана салынып жатса, алардын бири болгон Нарын облусундагы неврология бөлүмү биринчилерден болуп пайдаланууга берилгенин белгиледи. Андан соң ЖК төрагасынын фондунан 100 миң сом неврология бөлүмүнө тапшырды.

Андан кийинки куттуктоо сөзүн алган КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-секретары П.Суюмбаева аталган бөлүмгө компьютер берди.

 Неврология бөлүмү облус боюнча бир гана Нарын шаарында иштеп келген. Бөлүмдүн эски имараты 50 жылдан ашык убакыт мурун курулуп (1964-ж.), учурда санитардык-гигиеналык нормаларга туура келбей, авариялык абалда турган.

Облустук бириктирилген оорукананын маалыматы боюнча бир жылда 1700дөн ашык оорулуу жатса, анын 180-200 салмактуу инсульт оорулуулары. Неврология бөлүмү эсептелген 50 адамдын ордуна 57-60 чейинки оорулууларды кабыл алып, имарат талапка жооп бербегендиктен оорулууларды дарылоодо кыйынчылыктар жаралып келген.

Келип чыккан көйгөй боюнча 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши чечим кабыл алып, ошол эле жылы 2 этаждуу, жертөлөсү менен имараттын курулуш иштери башталган.

Тендерден утуп чыккан «ЭКА РАС-5» фирмасы тарабынан курулуш иштери жүргүзүлдү. Жертөлөсү менен биринчи, экинчи кабаттары бүткөрүлүп, чатыры металлочерепица менен жабылды. Азыркы күндө 62 млн сомго толугу менен курулуш иштери аяктап, анын ичинен 7 млн 500 миң сомго катуу, жумшак инвентарлар жана медициналык аппараттар коюлду. Бөлүмдө жок болуп келген кардиомонитор, дефибриллятор, эхо-энцефалоскоп, электро-энцефалограф, транскраниальный доплер алынган.
Айнура Дүйшөк кызы, КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы
 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.