Курс НБ на 25.09.2020 $79,3499 €92,4942

Нарын облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүнө коронавирус кантип жеткени боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат

Аймак
15 - Май 2020
Эркин Тоо
173

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.  "Нарында акыркы күндөрү ооругандар эмнеге көбөйүп кетти деген суроолор болуп жатат. Бул боюнча бүгүнкү күндө атайын комиссия иштеп, вирустун пайда болуусун текшерип жатышат. Анын ичинде төрөт үйүнө коронавирус кантип жеткенин дагы аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат. Менимче, учурда бардык оорулуулар аныкталды", - деди ал. Бул маселе боюнча  саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жана коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова Нарын облусуна кетишкен.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.