
Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

Мектеп окуучусу мини – трактор жасады
Ош облусунун 15 жаштагы тургуну мини-трактор жасап көпчүлүктү таң калтырды. 9-класстын окуучусу Өмүрбек Бакиров аны күнүмдүк турмушуна пайдаланат. Трактор менен суу ташып, айыл чарба иштерине колдонуп келет. Трактор бензин менен иштетилет. Бирок күйүүчү май көп деле коробойт. Трактордун автору Өмүрбек Бакировдун келечекте мыкты инженер-конструктор болсом деген тилеги бар. Өспүрүмдүн эмгеги дыйкандын түйшүгүн бир топ жеңилдетет. Өмүрбек жасаган тракторуна коңушуларынын көбү кызыгышууда. Өмүрбек келечекте дүйнөдө жок автоунаа жасасам деген жакшы тилеги бар.
Мээрим Бактыбек кызы
Мээрим Бактыбек кызы
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек