Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

Лейлек РИИБ Баткендеги «Мыкты ички иштер бөлүмү» деп табылды

Аймак
10 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
560
 Лейлек РИИБ Баткен облусундагы «Мыкты ички иштер бөлүмү» деп табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 9-январда Баткен ОИИБде ИИМдин жетекчисинин орун басары Курсан Асанов катышкан жыйын өтүп, бир катар кызматкерлер сыйланды.
Анда, Кызыл-Кыя ШИИБ 2-орунду, Кадамжай РИИБ 3-орунду ээледи. Жыйында буга катар эле 2016-жылдын ичинде Баткен ОИИБ 3743 арыз-даттанууларды кабыл алганы, бул өткөн жылга салыштырмалуу 489 фактыга көп экени белгилүү болду. Облуста бир жылда 534 кылмыш иш иликтенип, 475 кылмыштын бети ачылган. Жыл ичинде 54 батир уурулугу катталып, алардын ичинен 51 кылмыштын бети ачылган. Тоноочулук фактысы боюнча 20 кылмыш иликтенип, 18 шектүүгө чара көрүлдү.
Булак: Turmush


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.