Курс НБ на 18.01.2021 $84,6069 €102,1163

Кыштан кыйналбай чыгам дегендер Нарынга барышы керек

Аймак
09 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
502
Быйыл кыштан чыгуу үчүн Нарын облусуна 43 миң 731 тонна көмүр керек. Бюджеттик мекемелерге 15 миң 753 тонна көмүр 8-ноябрга чейин эле толугу менен жеткирилген. Калк үчүн камдалган 22 миң 750 тонна көмүр да керектөөчүлөргө толук бойдон жетти деп билидирди Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү. Учурда облус боюнча 68 көмүр сатуу пункту иштеп жатат жана алардагы көмүрдүн запасы 8-февралга карата 1139 тоннадай бар.
Көмүрдүн баасы Ак-Талаа районунда – 3500-3800 сом, Жумгал районунда – 950-2130 сом, Ат-Башы районунда – 3300-3500 сом, Кочкор районунда – 2600-2800 сом, Нарын районунда – 3000-3500 сом, ал эми Нарын шаарында – 3000-3500 сомдон сатылууда.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.