Курс НБ на 29.09.2020 $79,6000 €92,9927

​Күрүч жыйноо жумуштары кызуу жүрүп жатат

Аймак
15 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
332
Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында күрүч жыйноо жумуштары кызуу жүрүп жаткандыгын өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. "Айылдагы дээрлик ар бир үй бүлө күрүч өстүрөт. Аймактан чоң Ак-Суу дарыясы агып өткөндүктөн, шарты күрүч өстүрүүгө ыңгайлашкан. Учурда аймакта массалык түрдө күрүч жыйноо өнөктүгү жүрүп жаткан кези. Азыркы тапта күрүчтүн бир килограмы базар баасында 50-60 сомго бааланууда", - деп айтылат маалыматта.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.