Курс НБ на 22.10.2019 $69,7890 €77,9334

Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Аймак
08 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
37

Кыргызстанда бүгүн, эртең туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бүгүн  күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ал эми эртең 9-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 9-октябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу