Кореялык айымдар 3 ай кыргыз тилин үйрөнүп, Таласка саякаттоого келишти
Бир жума мурда Кыргызстанга саякаттоого келген түштүк кореялык айымдар Чи Ин Хи, Сон Чу Хен, Сон Ын На, Ким Хи Су учурда Талас районунун Түйтө айылында жүрүшөт. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.
Саякатчылардын айтымында, Таластагы Кара-Коюн жайлоосуна барып келишти. Кыргызстанга келердин алдында 3 ай атайын кыргыз тилин үйрөнүшкөн.
«3 айдан бери Кореяда кыргыз тилин үйрөнүп жаттык. Кыргызстанга биринчи жолу келдик. 1 жума мурун келгенбиз. 2 жумалык саякатыбыз жакшы өтөт деп ишенебиз», - деди алар.
Булак: Turmush
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек