
Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

ӨКМ Барак эксклавынан кыргыздарына жардам беришти
ӨКМдин кызматкерлери Өзбекстандын Анжиян облусунун аймагында жайгашкан Барак эксклавынан кыргыздардын жүктөрүн алып чыгышты. Мындай маалыматты ӨКМ билдирди. Маалыматка караганда, 11-январдан 13-январга чейин Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынын Барак эксклавынан жергиликтүү тургундар өндүргөн дан азыктарын жана курулуш материалдарын алып чыгуу зарылчылыгы жаралган. Ага ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы жетектеген топ жана беш унаа жөнөтүлгөн. Алар 11-январда саат 21:00дө Барак эксклавына жетип, бүгүн саат 07:30да жолго чыгышкан.
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек