Курс НБ на 17.01.2021 $84,4817 €102,4848

Көңүл бургула балдар!

Аймак
14 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
847
       Көңүл бургула, балдар! аталыштагы профилактикалык алдын алуу иш-чарасы Жалал-Абад аймагында Патрулдук милиция кызматы тарабынан  ата-энелер, айдоочулар, билим берүү мекемелери жана массалык маалымат каражаттары менен биргеликте тынымсыз  өткөрүлүп келүүдө. Алдын алуу иш-чарасынын негизги багыты окуу жылынын башында айдоочуларга, коомчулукка эскертүү иретинде жол коопсуздугун, адам өмүрүн сактоону алдын алууну көздөйт.
 
  Патрулдук милициянын аракети менен учурда  пландуу  түрдө   орто мектептерде, бала  бакчаларда  ачык сабактар, жолугушуулар өтүүдө. Ошондой  эле  коомдук транспорт каражаттарына эскертүү иретинде баннерлер жана жарнактар илинген.  Балдардын эртең  менен  мектепке  бараткан жана мектептен кайткан убактарында айрым транспорттор  көп каттаган кооптуу жолдорго, жолго жакын   мектептердин жанына  Патрулдук милиция кызматкерлери жол көзөмөлүн камсыздап турушууда.
 
     Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунун  аймагынан өспүрүмдөрдүн катышуусу менен 80  жол транспорт кырсыктары катталган, анын ичинен  10ну каза болушкан. Каза болгондордун жарымы б.а. 5 өспүрүм ата-энесинин жанында жүргүнчү катары бара жатышкан учурда кырсыкка учураган.
Ризван Исмаилова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.