
Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

Кербен, Токтогул, Балыкчы жана Сүлүктү шаарларынын муниципалдык кызмат көрсөтүүсү, инфраструктурасы жакшыртылат
Тийиштүү мыйзамга 15-декабрда Президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 10-ноябрында кабыл алган. Ага ылайык Кербен, Токтогул, Балыкчы жана Сүлүктү шаарларынын муниципалдык кызмат көрсөтүүсү, инфраструктурасы жакшыртылып, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы акча бөлөт. Акчанын суммасы - 12,8 миллион доллар. Мунун 6,6 миллион доллары жеңилдетилген насыя, 5,4 миллион доллары гранттык каражат. Буга кошумча Өкмөт 2,4 миллион доллар бөлүүгө тийиш. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Шаарды өнүктүрүү долбоорун" каржылоо жөнүндө макулдашуу 10 күндөн кийин күчүнө кирет, - делет маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева
Жазгүл Кенжетаева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек