Курс НБ на 24.09.2020 $79,3486 €92,8656

Кечээ кечинде айрым аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаап, катуу шамал жүрдү

Аймак
15 - Май 2020
Эркин Тоо
143

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда айрым көчөлөрдү, үйлөрдүн короосун суу каптаган. Тактап айтканда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка автоунаа жолунун 33-35-чакырымында 30 куб. метр таш кулап, бир аздан кийин жол толук тазаланган. Адамдардан эч ким жабыркаган жок. Баткен облусунун Лейлек районунун айрым айылдарында арыктардан суу ашып, ички чарбалык жолдорду каптаган. Үйлөргө зыян келген жок. Чүй облусунун Жайыл районунда ылдамдыгы секундасына 19 метрге жеткен шамал жүрүп, бир үйдүн чатырын учуруп кеткен. Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында арыктан суу ашып, бир үйдүн короосун каптаган.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.