Курс НБ на 17.01.2021 $84,4817 €102,4848

Көчмөндөр оюндары: Байыркы Оштун тарыхы

Аймак
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
2186
 “Улуттук тамак-аш” сынагынан баш байгени жеңип  алса, боз үйдү 10 мүнөт ичинде ылдам  тигүү боюнча шамдагай жигиттердин сынагы жана  салттуу кийимдер жана башка кароо -сынактардан биринчиликти ээлешти. Ошондой эле экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына мыкты даярдык көргөндүгү үчүн 300 миң сомдук сертификат тапшырылды. Мындан тышкары, Ош шаарынын мэриясына экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө жигердүү катышып, кыргыз элинин байыркы тарыхын, бай маданиятын жана кайталангыс салт-санаасын дүйнө элине  даңазалоого  кошкон салымы үчүн Өкмөт башчынын диплому берилди.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну кыргыз элинин кылымдарды карытып келаткан  көөнө,  куттуу, жана  санжыралуу  бай тарыхын даңазалап, көчмөн элдеринин достугун бекемдейт деп айттып өттү.
Көчмөндөр  ааламындагы өзүнчө  тигилген  Ош шаарынын ордосу Улуу Жибек Жолу базарын уюштуруп, анда ууз-чеберлердин, кол өнөрчүлөрдүн, зергерлердин, усталардын өз колдорунан жасалган буюмдары көргөзмөгө коюлду. Ак тандай акындардын айтышы, манасчылардын өнөрлөрү бааланып, байыркы Оштун басып өткөн тарыхы сахналаштырылып  көрсөтүлдү.
  Ризван Исмаилова, Ош облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.