Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

Катуу суукка байланыштуу Нарын, Тогуз-Тородо окуу токтоду

Аймак
13 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
496
Өлкөнүн бир катар бийик тоолуу райондорунда катуу суукка байланыштуу мектепте сабак берүү токтотулду. Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка караганда,  Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал райондорунда жана Нарын шаарынын мектептеринде сабак берүү убактылуу токтотулду. Мындан сырткары,  Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда да мектепте билим берүү кийинкиге жылдырылды. Белгилүү болгондой, учурда Нарын облусунда суук 33 градуска жетүүдө.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.