Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

Кара-Суудагы окуучуларга мектепке интернетке туташкан телефон көтөрүп келүүгө тыюу салынды

Аймак
07 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
598
Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү жана Ош облустук ички иштер башкармалыгы 600дөн ашуун окуучуларга өлүмгө алып келүүчү виртуалдык оюндардан оолак болуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Мырзабек Ахматалиев кабарлады. «12 мектептин окуучуларын маданият үйүнө чогултуп, психологдордун катышуусунда маалымат бердик. Аларга бул оюндардан оолак болууга үндөгөн чакан видеотасмаларды көрсөтүп, өткөөл курактагыларга сак болууну эскерттик. Виртуалдуу оюндарга аралашып жаткандардын басымдуу бөлүгү өткөөл курактагылар», - деди ал.
Чогулушта буга чейин ата-энелер тарабынан кабыл алынган чечимдер тааныштырылды. Белгилүү болгондой, мындан ары Кара-Суу районундагы окуучулар интернетке туташуучу уюлдук телефондорду мектепке көтөрүп келишпейт.  «Ата-энелердин чогулуштары райондогу бардык мектептерде өттү. Бардык мектептерде бул сыяктуу токтомдор кабыл алынып, ага ата-энелер макулдугун беришкен», - деди М.Ахматалиев.  Кара-Суу районунда 133 мектеп бар.

Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.