Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

Кара-Буура районунда облустук семинар өттү
12-январда Кара Буура районунун «Эмиля» сүттү кайра иштетүүчү жеке менчик заводунун базасында малды идентификациялоо боюнча облустук семинар болуп өттү. Ага облустагы ветеринардык кызматкерлер, мал чарба адистери, фермерлер катышышты. Семинарда бодо малды биркалоо, идентификациялоо, бирдиктүү маалымат системасын түзүү боюнча иш-тажрыйбалар көрсөтүлдү.
Семинарга КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Чолпонкул Төрөкулов катышты.
Республиканын Ноокат, Ысык-Ата жана Кара-Буура райондору малды идентификациялоо боюнча пилоттук катары киргизилип, иш жүргүзүлүүдө. Март айына чейин ишти сапаттуу бүткөрүү белгиленген.
Малды идентификациялоо Евразия экономикалык бирмдигинин негизги талаптарынын бири болуп саналат жана мал чарба азык түлүктөрүн сыртка экспорттого жол ачат.
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу

Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек