Курс НБ на 18.01.2021 $84,6069 €102,1163

Калкагарга карышкыр тийди

Аймак
07 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
537
Ысык-Көл облусунда Тоо түбүндөгү Калкагардын жергиликтүү тургунунун короосуна карышкыр кирип, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Калкагар айылына жакын жайгашкан фермерлердин бири Аскат Амантуров «Эркин Тоо” гезитинин кабарчысына билдирди. Анын айтымында Тоң районунун тоо арасында жайгашкан Калкагар айылына 5-февралдын таңында карышкыр түшкөн. Тоо этегинде жайгашкандыктан, бул айылга ит-куш оңой эле кириши мүмкүн. Жабыркаган жаран сыртта ит кыңшылап жатканынан эмне болду экен деп сарайга кирген. Барса ичинде карышкыр бар экен. Ага карышкыр кол салып, оң бутунан жана сол чыканагынан тиштептир. Ызы-чууну уккан ата-энеси келип, таш менен ургулап карышкырды өлтүрүшүптүр.
Жабыркаган жаран Балыкчы ооруканасынын хирургия бөлүмүндө жатат. Абалы туруктуу.
Карышкырдын кол салуусунан бир нече майда жандык өлүп, жылкылардын сан эттерин жулуп салган. Фермер Аскаттын айтымында, карышкырды текшерүүгө алып кетишкен.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.