Курс НБ на 26.01.2021 $84,7911 €103,2162

Эмилбек Алымкулов Нарын шаарынын мэри болуп шайланды

Аймак
26 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
643
Бүгүн 26-январь күнү Нарын шаардык Кещешинин депутаттары кезектеги олтурумга чогулушуп, күн тартибине киргизилген Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 14-январындагы «Нарын шаарынын мэрин шайлоо» жөнүндөгү №10 токтомун талкуулашты. БШКнын Нарын шаары боюнча өкүлү Алмаз Аскаров бул токтомго ылайык шаарды жетектөөгө эки талапкерден документтер кабыл алынып, экөө теңталапкер катары катталгандыгын билдирди. Андан соң депутаттарга талапкерлердин өмүр баяндары тааныштырылып, Нарын шаарынын мэри болом деген жарандар кыскача болочок пландары менен тааныштырышты.
Добуш берүү жараяны башталганда бир катар депутаттардын убактылуу мандаттары жок болуп чыкты.
-Мандатсыз эле добуш берели деген депутаттар кол көтөрүп койгула,-деген төрага Ж.Ботокановдун сунушу кабыл алынды.
Ошентип шайлоо башталып, айрым депутаттар бюллетенди эки бүктөбөстөн эле ачык көрсөтүп шайлап жатышты. Жыйынтыгында көпчүлүк «Биримдик» коалициясынан көрсөтүлгөн талапкер Эмилбек Алымкулов 22, ал эми азчылыктагы «Республика-Ата-Журт» фракциясынан сунушталган талапкер, шардын мурунку мэри Рахат Адиев 8 добуш алышты. Бир депутат бардык талапкерге каршы добуш берген экен.
Э.Алымкулов 1966-жылы туулган. Учурда чарбаны жетектеп, Ак-Талаа районунда аким, Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары болуп иштеген.
 
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.