Курс НБ на 04.06.2020 $73,4726 €82,3665

​Элеттиктер жеңилдетилген насыя алышты

Аймак
02 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
255
28-июнга карата "Айыл чарбасын каржылоо – 7" долбоорунун алкагында 4 миллиард 638 миллион 347 миң сомго 9560 жеңилдетилген насыя берилди. Мындай маалыматты  Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык,   692 чарба субъектилери кепилдиксиз 84 миллион 437 миң сом акча каражатын алышкан. Дыйканчылыкка 1 миллиард 8 миллион 794,9 миң сом акча каражатына 2668 жеңилдетилген насыя берилген. Ал эми мал чарбачылыгына 2 миллиард 566 миллион 568,1 миң сомго 6642 жеңилдетилген насыя берилди.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.