Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

"Эң мыкты китепкана" аныкталды

Аймак
12 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
1245
Кыргызстанда "Эң мыкты китепкана", "Эң начар китепкана" аттуу республикалык кароо-сынак өткөрүлүп, ага 1061 китепкана катышкан. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. Калыстар тобунун чыгарган жыйынтыгында  Баткен облусунун Бужум айылынын китепканасы баш болуп, Жалал-Абад облусунун китепканасы, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн китепканасы, Нарындын Кочкор районунун Жаңы-Жол айылындагы китепкана, Ош облусунун Токтогул Сатылганов атындагы китепканасы, Талас облусунун Аман Токтогулов атындагы китепканасы жана Чүй облустук китепканалары, мыкты деп табылышкан.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.