Курс НБ на 18.01.2021 $84,6069 €102,1163

Чоң-Алайдагы волейбол мелдешинде 24 команда күч сынашты
Чоң-Алай районунун Кабык айылында чоңдор арасында волейбол мелдеши өттү. Бул тууралуу аталган райондогу өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин жетекчиси Абдимамат Абдилдаев билдирди.
Анын айтымында, мелдеш Кабык айылындагы Кабык орто мектебинде жаңы ачылган спорт залга Кашка-Суу айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган.
«Волейбол оюнуна район боюнча 24 команда ат салышты. Жыйынтыгында Ачык-Суу айылынын жаштары 1-орунду ээлеп, 15 миң сом менен, «Элхан» командасы 2-орунду алып, 10 миң сом менен, Карамык чек ара бекетинин кызматкерлери 3-орунду алып, 8 миң сом менен сыйланды. Ошондой эле, Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмү 4-орунду алып, 3 миң сомго ээ болушту. Ошону менен катар Ош облустук спорт комитети тарабынан ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар тапшырылды», - деди А.Абдилдаев.
Оюндун жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн мыкты оюнчуларга «Мыкты чабуулчу», «Мыкты коргоочу», «Мыкты оюнчу» наамдары да ыйгарылды.
Булак: Turmush

Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек