
Курс НБ на 18.01.2021 $84,6069 €102,1163

Чек аралар такталууда
Бүгүн Ош шаарында кыргыз-өзбек чек араларын тактоо иштери боюнча жыйын башталды. Өкмөттөр аралык кезектеги жыйын эки күнгө созулат. Жолугушууга кыргыз тараптан вице-премьер Жеңиш Разаков, өзбек тараптан өкмөт башчынын орунбасары Адхам Икрамов катышууда,-делет Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматында. Алар чек арага байланыштуу маселелерди тезирээк чечип, өз ара достук ымаланы бекемдөө зарылдыгын белгилешүүдө.
Жазгүл Кенжетаева
Жазгүл Кенжетаева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек