Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Баулдык классташтар оорукананын дарбазасын жаңылап берди

Аймак
24 - Май 2019
www.erkintoo.kg
558
Лейлек районуна караштуу Баул айлынын 1982-жылкы бүтүрүүчүлөрү мектепти аяктаганына 20 жыл болуп, анын урматына айылдагы №19 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарбазасын жаңыртып берди. Илияз Аширапов башында турган жаштар муну менен эле чектелбей ооруканага кирип бараткан жолу оңдоп, ага цемент төшөгөн. 100 миң сомго жакын каражат коротулган бул чыгымды “82лер” көтөргөн. Ушул эле айылдын 1992-жылы туулган Нургазы Ормош уулу баштаган жаштары да мектепти бүткөнүнө 10 жыл толуп, алар айылдын кире беришине арка орноткон. Ынтымактуу күн кечирип жаткан баулдуктардын кубанычында чек жок дейт айыл башчы Мелис Жолдошбаевич Калыков. Анын айтымында Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында Баул айылында бир топ иштер жүрүп жатат.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.