Курс НБ на 18.01.2021 $84,6069 €102,1163

Баткенде жер титиреди

Аймак
12 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
608
Баткен облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Мындай маалыматты бүгүн Сейсмология институту билдирди. Маалыматка ылайык , жер титирөө  бүгүн саат 07:25 катталып, очогу Бешкент айылынан 4 чакырым түндүк-батышта, Карл Маркс айылынан 6 чакырым түндүктө, Сүлүктү шаарынан 28 чакырым түндүк-батышта жана Баткен шаарынан 82 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Жер силкинүүнүн күчү Карл Маркс, Бешкент, Жаңы-Жер айылдарында 3 балл сезилсе, Жаңы-Жолдо 2,5 балл, ал эми Восточный, Кулунду, Ленин, Достукта 2 балл  сезилген. Алдын алам маалыматтарга караганда  жабыркагандар болгон эмес.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.