
Курс НБ на 17.01.2021 $84,4817 €102,4848

Баткенде англис жана орус тилдүү китептер жетишпейт
Баткен облусу боюнча быйылкы жаңы окуу жылында окуучуларды китеп менен камсыздоо 85% түздү. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу бул көрсөткүч кыйла өскөндүгү менен элет жеринде ангилис жана орус тил китептери жетишсиз. Маселен аталган аймактагы Баткен шаарынан анча алыс эмес Кызыл-Жол орто мектебинде 11-класстар үчүн болгону 4 ангилис тил боюнча китеби болсо, ал эми орус адабияты китебин такыр эле жок деп айтышууда. Кызыл-Жол орто мектебинин мугалими Мавлюда Устарованын айтуусунда, ангилис тил китеби 11- «А» «Б» класстары үчүн болгону төртөө эле. Ал эми орус адабияты китеби класс боюнча жок. Мындай көрүнүнүш облустун башка алыскы аймактарында да орун алган.
Адылбек Акматов, Баткен облусу
Адылбек Акматов, Баткен облусу
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек