Курс НБ на 17.01.2021 $84,4817 €102,4848

Баткен өрөөнүндө тамчылатып сугаруу ыкмасы башталды

Аймак
15 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
1397
Баткен өрөөнүндө дыйкандар тамчылатып сугаруу ыкмасына өтө баштады. Жери көп, сууга таңкыс бул аймактын багбандары мындай тажрыйба менен гектарлаган кайрак жерлерди өздөштүрүшүп, жеке чарбачылыгын кеңейтүүдө. Буга чейин пайдасыз, тоо боорундагы дың жерлерди ишке киргизген дыйкандардын иши кыйла алга жылууда. Жоробек Жапаровдун көп жылдардан берки кыялы ишке ашты. Өрүк көчөттөрү көгөрүп, эмгегинин акыбети кайткандан бери багбан талаадан чыкпайт. "Айлампа менен 500 метр аралыктан 15 метр бийиктикке суу чыгардык"-дейт Жоробек Жапаров. Баткен өрөөнүндө жер көп болгону менен суу таңкыс. Көп жылдар мурда эле канал жээгиндеги бош жаткан жерлерге суу чыгарып, бак өстүрсөм деген багбандын бүгүн багы ачылып отурат. Келерки жылдан баштап, түшүм алам деген ниетин билдирген Жоробек Жапаров жаш көчөттөрдү да базардан сатып албай, үй- бүлөсү менен өзү өстүрөт. Азыр багбан өстүргөн 1 гектар тоо боорундагы кайрак жерлер өрүк зарга айланып, "келээрки жылда алды түшүм бере баштайт"- дейт Жоробек Жапаров. Баткен өрөөнүндө дыйкандар тамчылатып сугаруу тажрыйбасына массалык түрдө өтө баштады. Бир эле Баткен районунун Кызыл-Бел айылында эмес, Кадамжай, Лейлек районунун дыйкан багбандары да акыркы жылдары тамчылатып сугарууну кеңири пайдалана баштады.
 
Адылбек Акматов, Баткен облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.