Курс НБ на 18.01.2021 $84,6069 €102,1163

Балыкчыда өткөн жылы 33 эгиз ымыркай төрөлгөн

Аймак
13 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
540
Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө өткөн жылы 1437 ымыркай, анын ичинде 33 түгөй эгиз бала төрөлдү. Бул тууралуу шаардык оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы Айдаралиева Тилек билдирди.
Анын айтымында, ымыркайлардын ичинен экөө 5,5 кг салмакта төрөлгөн.
«Ымыркайлардын ден соолуктары жакшы болуп төрөлгөн жана жыл сайын наристелердин өлүмү кыскарып баратат. 2015-жылы 15 наристе чарчап калса, 2016-жылы 4 наристенин өлүмү катталды.
Кош бойлуу кыз-келиндер энелер мектебине барып, пайдалуу кеңештерди алып жатышат. Бөлүмгө алынган жаңы аппарат дагы ымыркайларды дем алдырууга жардам берүүдө», - деди дарыгер Чынара Мамбетова.
Булак: Turmush


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.